АКШда беш киши Кремлдин тапшырмасы менен "диверсия даярдаган" деп айыпталды

АКШнын Юстиция министрлиги 15-сентябрдын кечинде мурда жашыруун болгон айыптоо корутундусун жарыялады. Анда беш адамга, анын ичинде Орусиянын эки жаранына каршы айып коюлган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар Орусиянын атайын кызматтарынын тапшырмасы менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде АКШда киши өлтүрүүлөрдү жана диверсия уюштурууга аракет кылышканын башкы прокурор жана юстиция министри Тодд Бланш Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Айыптоо корутундусу мекеменин расмий сайтына да жарыяланган.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча башкы прокурорунун жардамчысы Жон Айзенбергдин айтымында, айыпталуучулар Кремлдин көрсөтмөсү менен киши өлтүрүүлөрдү уюштурган эл аралык түйүндүн мүчөлөрү болгон жана АКШ жарандары менен чет өлкөлүктөрдү мындай иштерге тартууга аракет кылышкан.

Тергөө материалдарына ылайык, RIS деп аталган бул тармак 2024-жылдан тартып АКШнын жана башка өлкөлөрдүн жарандарына акча сунуштап, орус бийлигине каршы чыккандарды аңдытуу, аларды өлтүрүү жана Украинаны колдогон Европа өлкөлөрүндөгү жарандык жана аскердик инфратүзүмдөргө каршы диверсияларды уюштурууга аракет кылган.

Айыпталуучулардын үчөө түйүндүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн. Алар: орус атайын кызматтарынын мурдагы полковниги, 63 жаштагы Юрий Храмеев, анын уулу, ФСБ кызматкери деп аталган 27 жаштагы Кирилл Храмеев жана Орусияда жашаган Кубанын жараны Оэмис Ромагоса Дуррути. Мындан тышкары, адамдарды жалдоо иштерине Кубанын жараны Яидель Дельгадо Суарес менен Венесуэланын жараны Анхель Эдуардо Кастро тартылганы айтылат.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын жай айларында бул түйүн америкалык жаранды АКШда жашаган орусиялык диссидентти аңдууга жана өлтүрүүгө жалдоого аракет кылган. Суарес менен Кастро ага бул адамды "жок кылуу" же "дайынсыз жоготуу" үчүн 40 миң доллар сунушташкан. Бирок америкалык жаран бул тапшырмадан баш тарткан. Ошондой эле Суарес дагы бир нече адамды ушул жана башка адамдарды өлтүрүүгө тартууга аракет кылганы айтылат.

2025-жылы кылмыштуу түйүндүн өкүлдөрү АКШнын дагы бир жаранын Литвада жашаган адамды аңдууга жалдашкан.

Тергөө ошондой эле Оэмис Ромагоса Дуррути 2024-жылдын июнь айында Прагада болгон диверсияны жана ошол эле жылдын сентябрь айында Литвадагы дагы бир чабуулду координациялаганын маалымдады.

2024-жылдын июнь айында Колумбиянын жараны Прагадагы коомдук автобустарды өрттөп жиберген. Ал окуя болгон жерде кармалып, кийин сегиз жылга эркинен ажыратылган. Чехия бийлиги ал кезде эле анын артында Орусия турушу мүмкүн экенин билдирген. Литвада болсо Шяуляй шаарындагы Украина үчүн жабдууларды чыгарган TVC Solutions компаниясынын аймагын өрттөөгө аракет жасалганы болжолдонууда.

Азырынча айыпталуучулардын баары эркиндикте жүрөт. Жон Айзенберг алардын аракеттери Кремлдин көрсөтмөсү менен болгонун билдирген.

Бешөө тең терроризмди каржылоо максатындагы кутумга катышкан деп айыпталууда. Ал эми Юрий Храмеевге, Яидель Дельгадо Суареске жана Анхель Эдуардо Кастрого кошумча түрдө буйрутма киши өлтүрүүнү уюштурууга байланыштуу айыптар коюлган.

Иликтөөчү журналист Христо Грозев айыптоо корутундусунан айрым үзүндүлөрдү жарыялап, бул топтун ишмердүүлүгү тууралуу өзүнчө иликтөө жакын арада жарыяланарын билдирген.

"Свобода" радиосу "ВКонтакте" соцтармагынан Юрий Храмеевге тиешелүү болушу мүмкүн делген баракчаны таап чыккан. Ал жерде өзүн "Комбат" деп атап, негизинен аскердик мазмундагы материалдарды, анын ичинде АКШны кемсинткен билдирүүлөрдү жарыялап турганы айтылат.

Дагы караңыз

Иракта камалган аялдардын жакындары бийликке кайрылды