17-сентябрга караган түнү Орусия Украинага кемеге каршы жана баллистикалык ракеталар, учкучсуз ракета-дрондор жана 157 учкучсуз учак менен чабуул койду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, алардын ичинен жети ракета-дрон жана 124 дрон атып түшүрүлгөн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соккулар дале жарандык инфраструктурага багытталганын билдирди. Анын айтымында, сегиз облуста кыйроолор катталган.
"Орусия Сумы жана Одесса облустарындагы энергетикалык объектилерге сокку урду. Киев менен Одессада турак үйлөр жабыркады. Ондон ашык адам, анын ичинде балдар жаракат алды. Алардын айрымдары ооруканага жаткырылды", – деп жазды Зеленский.
Киев
Киевде 18 адам жабыркады, алардын экөө балдар.
Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, Днепр районунда кеңсе имараттары жана турак үйгө зыян келтирилди. Бир нече үйдүн терезелери талкаланды. Дрондордун сыныктары кампалардын аймагына жана май куюучу жайдын жанына түшкөн.
Святошинск районунда дрон эл жашабаган имаратка тийген. Ал эми Соломенск районунда кампанын имараты талкаланды.
"Укрзалізниця" компаниясы орус күчтөрү темир жол объектилерин бутага алууну улантып жатканын билдирди.
Киев облусу
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Орусия аймакка кечээ дээрлик күнү бою, түнү менен жана бүгүн таңга чейин чабуул койгонун билдирди. Жапырт сокку калктуу конуштарга жана жарандык объектилерге багытталганын кошумчалады.
Облус боюнча жалпысынан 33 объект зыян тарткан. Алардын 14ү Бровары районунда, 10у Фастов районунда жайгашкан.
Жер тамдар, кампалар, өндүрүш жайлары жана транспорт каражаттарына зыян келтирилген.
Одесса облусу
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин айтымында, облус түнү бою "душмандын жапырт чабуулуна" туш болду.
Жети адам жаракат алган. Алардын арасында төрт жана 13 жаштагы эки бала бар.
Орусиялык дрондордун бири көп кабаттуу үйгө тийип, 14-16-кабаттардагы он батир талкаланган. Ошондой эле 11 автоунаа жабыркаган.
Башка жерлерде кеминде беш жеке турак үй, бала бакча, жатакана, ресторан, кампалар, гараждар жана автоунааларга зыяны тийди.
Харьков облусу
17-сентябрдын таңында дрон Берестин шаарындагы темир жол бекетине сокку урган.
"Укрзалізниця" берген маалыматка ылайык, бекеттин имараты олуттуу зыян тарткан.. Бирок жүргүнчүлөр менен кызматкерлер баш калкалоочу жайда болгондуктан, жабыркагандар болгон эмес.
Сумы облусу
Сумы облусунда акыркы суткада Орусиянын соккуларынан бир адам каза болуп, кеминде 15 киши жаракат алган.
Облустук аскердик администрациянын маалыматына караганда, орус армиясы аймакка болжол менен 90 жолу сокку урган. Облустагы 12 конушта кыйроолор катталган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киев шаарында жана Киев облусунда учкучсуз аппараттарды өндүрүү жана сактоо боюнча эки цехке, анын ичинде "Пегас Армс" ишканасына, дрондор үчүн тетиктерди чыгарган ишканага,"Де Ново Дата-Центр" борборуна жана Броварыдагы аккумулятор паркына сокку урулганын билдирди. Запорожье облусунда "Запорожсталь" металлургия комбинаты жана "Искра" радиоэлектрондук өнөр жай ишканасын, Одесса облусунда эки көпүрө, "Арциз" электр көмөк чордону жана Чорноморск портундагы жүк ташуучу кемени бутага алганын маалымдады.
Орусиянын армиясы Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери Одессадагы портторду дээрлик күн сайын аткылап келет. Далилдерге карабай Москва Украинанын жарандык жайларына сокку уруп, миңдеген кишинин канына забын болуп жатканын моюнга албайт.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.