Тажикстан Рим статутунан чыгуу маселесин талкуулап жатат

Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасынын кеңешинин отуруму. 2026-жылдын 16-сентябры.

Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасынын кеңеши (Мажлиси намояндагон Мажлиси Оли) «Эл аралык кылмыш сотунун статутунун күчүн жоготушу тууралуу» токтом долбоорун карады. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын сайтында кабарланды.

Токтом боюнча акыркы чечим кабыл алындыбы же ал жалпы палатанын кароосуна жөнөтүлдүбү, добуш берүү кандай өттү, бул тууралуу маалымат берилген жок.

Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна расмий түрдө 2000-жылдын 5-майында кошулуп, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысына ратификациялык грамотасын тапшырган.

Европалык мамлекеттер былтыр расмий Душанбе Рим статуту алкагындагы милдеттенмелерин аткарган жок деген тыянак чыгарышкан. Алар буга 2025-жылдын октябрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстанга барганда кармалбаганын жүйө катары келтиришкен.

2025-жылдын 5-ноябрында Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы Тажикстандын бийлигин Путин эмне себептен кармалбаганын түшүндүрүүгө чакырган.

Путинди Украинадагы согуш кылмыштарына байланыштуу айыптоолордон улам кармоо боюнча ордер 2023-жылдын 17-мартында берилген. Ошол эле жылдын апрель айында соттун катчылыгы Рим статутуна мүчө бардык мамлекеттерге орусиялык лидерди кармоо зарылдыгы тууралуу маалымдама жөнөткөн.

Душанбе мындай маалымдаманы алганын 2023-жылдын май айында тастыктаган. Бирок 2025-жылдын 25-сентябрында, Путиндин сапары алдында, андагы талаптарды аткара албасын билдирген. Тажик бийлиги Орусия Рим статутуна мүчө эмес экенин жана Москва менен жогорку кызматтагы адамдардын иммунитети тууралуу эки тараптуу келишими бар экенин жүйө келтирген. Ошол эле учурда Душанбе аталган эл аралык сот мекемеси менен кызматташуудан баш тартпай турганын билдирген болчу.

Рим статуту – Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи. Ал 1998-жылы Римде дипломаттардын конференциясында кабыл алынып, 2022-жылы күчүнө кирген. Кыргызстан Рим статутуна байланыштуу эл аралык келишимге 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ал парламент аркылуу ратификациядан өтө элек.

Рим статутуна дүйнөнүн 140ка жакын өлкөсү кол койгон, алардын 124ү ратификациялаган. Кыргызстан бул эл аралык документти ратификациялоодон баш тартканын 2015-жылы ошол кездеги парламент депутаты Наталья Никитенко билдирген.(RK)