18-сентябрга караган түнү Орусиянын соңку чабуулдарынан Украинанын Житомир облусунда эки адам каза болуп, дагы эки адам жараат алды. Облустук аскердик администрациянын башчысы Виталий Бунечконун маалыматына караганда, сокку жарандык ишканага жасалып, Коростень районундагы индустриалдык паркта өндүрүш имараттары, кампа өрттөнгөн. Жабыркагандар ооруканага жаткырылып, абалы орточо деп бааланууда.
Киев облусунун Фастов районунда болгон эртең мененки чабуулдан беш адам, анын ичинде үч бала жабыркады. Облустук администрациянын жетекчиси Тимур Ткаченко балдар акубаротравма жана катуу стресс алганын билдирди. Бир эркек киши күйүк алып, сыныктардан жаракат алган, дагы бир аял стресстик абалда экени айтылды. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, жабыркагандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Чабуулдан бир турак жай толугу менен кыйрап, экинчиси зыянга учурады.
Одесса облусунда жарандык инфраструктура бутага алынып, кеминде үч адам жараат алды. Облустук администрациянын башчысы Олег Кипер бир турак үй кыйрап, кеминде беш үй, лицейдин имараты, автоунаалар, ишканалар жана кампалар зыян тартканын билдирди.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү чабуул учурунда Черноморск шаарындагы жүк ташуучу кемеге жана Одессадан алты чакырым алыстыкта жайгашкан «Нова пошта» компаниясынын логистикалык борборуна сокку урулганын маалымдады. Мекеменин билдиришинче, объект аскердик жүк сактоо жана бөлүштүрүү үчүн колдонулган.
Орусия коңшусуна каршы толук масштабдуу согуш ачканына беш жылга чукулдап калды. Москва соккуларынан Украинанын жайкын тургундары каза болуп, жарандык инфраструктурасы талкаланып, бүтүндөй шаар-кыштактары кыйрап жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.