Украина: Сумы жана Херсондо Орусиянын чабуулу алты өмүрдү алды

Херсонго чабуулдардын биринин кесепети. Август, 2026

19-сентябрда Сумы облусунда орусиялык дрон жеңил унаага тийип, төрт адам каза болгонун облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

Анын айтымында, Шостка районунда дрон чабуулунун кесепетинен төрт болду.

Херсон облусунда соңку бир сутка ичинде эки адам каза болгонун облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин маалымдады. Бир аял Львовские Отрубы айылында орусиялык дрондун чабуулунан жеринде мерт кеткен. Дагы бир аял Нововоронцовка кыштагында орусиялык артиллериялык аткылоонун кесепетинен көз жумган.

Мындан тышкары, 19-сентябрда күндүз Днепр шаарындагы "Континент" соода борборуна да сокку урулду. Анын кесепетинен имаратта өрт чыгып, үч адам жараат алганын Днепропетровск облусунун жетекчиси Александр Ганжа билдирди.

19-сентябрдын кечиндеги маалыматка караганда, орус аскерлери бир күн ичинде облуска дрондор жана артиллерия аркылуу дээрлик 40 жолу сокку урган. Днепр шаарында соода борборунан тышкары кампалар жана көп кабаттуу турак жайларга да зыян келтирилген. Соода борборунда жараат алган үч кишини кошкондо, облус боюнча жалпысынан беш адам жабыркады.

Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет.