Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары биринчи медалын алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Дастан Каныбек уулу таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча коло байге утту.
Ал 60 кг чейинки салмакта алгачкы беттешинде жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 менен жеңип, жарым финалга жолдомо алган. 21-сентябрда ал өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 0:2 эсебинде утулуп, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.
Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча кыргызстандык дагы бир спортчу Ырыскелди Дүйшеев 71 кг салмакта финалга чыкты.
Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мелдештер Азия оюндарына быйыл биринчи жолу кошулду.
Ушул күндөрү Жапонияда XX Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат. (BTo)