Зеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты

АКШ жана Украинанын президенттери Владимир Зеленский менен Дональд Трамп Флорида штатындагы жолугушуу учурунда. 2025-жылдын 28-декабры.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Трампка Орусияга каршы катаал санкциялар тууралуу мыйзамга кол койгону үчүн ыраазычылык билдирген. Эки өлкөнүн лидерлери Нью-Йоркто жолугушууну да макулдашкан.

Зеленский ошондой эле Трампка анын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Киевге барганы жана сенатор Линдси Грэм сунуштаган катаал санкциялар жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койгону үчүн ыраазы экенин айткан.

"Бизде чыңалууну басаңдатууга багытталган кадамдар жана коопсуздуктун негизги маселелери боюнча сунуштар бар. Алар энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле адам өмүрүн коргоого байланыштуу. Биз америкалык команда менен бирге иштеп жатабыз жана чындап олуттуу кадамдарды жасоого даярбыз", - деп жазды Зеленский.

Катаал санкцияла камтылган мыйзам АКШ президентине Орусиянын жетекчилигине, ири ишкерлерине, күйүүчү май, энергетика тармагындагы ишканаларга, банктарга, "көмүскө флотуна", бажы төлөмдөрүнө байланыштуу санкцияларды киргизүү же күчөтүү боюнча кеңири укуктарды берет.

Мыйзамга ылайык, АКШ президенти Орусиянын мунайын эң көп сатып алган өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 100% чейин бажы төлөмүн киргизе алат. Мындай өлкөлөрдүн катарына Индия менен Кытай кирет.

Ошол эле учурда президент бул ыйгарым укуктарын пайдаланбай коюуга да укуктуу.

Трамп 18-сентябрда Орусиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу санкцияларды күчөтүүнү караган мыйзамга кол койгон. Документти маркум республичы сенатор Линдси Грэм иштеп чыгып, анын кабыл алынышына жигердүү көмөктөшкөн.

Дагы караңыз

Мэр Бишкекте жол тыгынын чечүү боюнча Кытай компаниясы менен сүйлөштүОрусия - Украина: Ондон ашуун киши каза тапты, завод жана турак жайларда өрт чыкты