Жаратылыш министрлиги мыйзамсыз аңчылык кылгандарга көп суммада айып салынарын эскертти

Тоо теке.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы
жаныбарларды аткандарга көп суммада айып салынарын эскертти.

Министрликтин маалыматы боюнча, ак илбирске аңчылык кылгандар 2 млн сом, аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейренди аткандар 1,5 млн сом, кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүнгө аңчылык кылгандар 50 миң сом, ортоазиялык күндуз, мензбир суурун аткандар 20 миң сом айыпка жыгылат.

Мекеме буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагынын “Кашка-Суу” жайлоосунда тоо текеси мыйзамсыз атылганы аныкталып, Укук бузуу жөнүндө кодекс боюнча12 500 сом административдик айып пул салынганын кошумчалады. Андан тышкары жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлуп, материалдар укук коргоо органдарына берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский менен Трамп телефондон сүйлөшүп, Нью-Йоркто жолугушууну макулдашты Мэр Бишкекте жол тыгынын чечүү боюнча Кытай компаниясы менен сүйлөштүАзия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алдыУкраина: Сумы жана Херсондо Орусиянын чабуулу алты өмүрдү алды Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов Кыргызстанга келди