“Эркектин ишин кылбайсыңбы дешти”. Саймачы Саидрахман
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
40 жаштагы Саидрахман Шарипов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында саймачылык боюнча баш байгени жеңип алды. Адатта кыргыздарда уздар, сайма сайган чеберлер аялзатынан чыккандыктан, анын жеңиши көпчүлүктү таң калтырууда. Бирок анын эмгектери буга чейин БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесиндеги, Монголиядагы көргөзмөлөргө коюлган. ЮНЕСКОнун фондунда сакталып турган дагы эмгеги бар. Саидрахман Каратегин өрөөнүндө туулган кыргыз. Анын бүлөсү Тажикстандагы жарандык согуш маалында Жерге-Талдан Чүй өрөөнүнө көчүп келген. Ал жети-сегиз жашынан кол өнөрчүлүк менен алектенип, сүрөт тартат. Сайманын 12 түрүн кийизге, кездемеге түшүрөт.