АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди, биринчи айым Пэн Лиюанды 23-сентябрдын кечинде Мериленд штатындагы Эндрюс базасынын аэропортунда аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алды.
Бул Синин 2015-жылдан бери Вашингтонго биринчи мамлекеттик сапары. Үч күндүк сапардын жүрүшүндө жабык жолугушуулар болуп, жасалма интеллекттен тартып Иран менен Тайвандагы согуш, соода тармагында элдешүүнү узартуу маселеси талкууланары күтүлүп жатат.
Чет элдик лидерди аэропортто президенттин өзү тосуп алышы АКШда акыркы 11 жылдан берки алгачкы учур экенин Би-би-си жазды.
Акыркы жолу мындай сый 2015-жылы Барак Обаманын бийлиги тушунда папа Францискке көрсөтүлгөн. Ага чейин 1962-жылы ошол кездеги президент Жон Кеннеди Улуу Британиянын премьер-министри Гарольд Макмилланды аэропорттон тосуп алган.
Буга чейин АКШнын каржы министри Скотт Бессент Америка менен Кытай январга чейин соода келишимин узартарын жарыялаган.
Трамп айрым товарларга бажы тарифтерин төмөндөткөн, анын ордуна Си сейрек кездешүүчү минерал жеткирүүгө киргизилген чектөөлөрдү жумшарткан. Тараптар түзгөн мындай келишимдин мөөнөтү 10-ноябрда аяктоого тийиш.
Бессент Кытайдын вице-премьери Хэ Лифэн менен жолугушуудан кийин тараптар келечекте олуттуу соода келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашканын билдирген.