Тажик мушкери Украинадагы согушта каза болду

Фирдавс Салохов.

Тажикстанда аралаш мушташ (ММА) боюнча спортчу, «Фирдавс Киллер» каймана аты менен белгилүү Фирдавс Салоховду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Анын Орусиянын Украинага каршы согушунда каза тапканы 3-августта белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, Фирдавс Салохов Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Ванч районунун тургуну болгон. Ал болжол менен 10 жылдай мурун Орусияга көчүп барып, машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, Салохов бир нече ай мурун Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согушка кеткен. Ал фронтто канча убакыт жүргөнү белгисиз.

Украинанын мамлекеттик «Жашагым келет» долбоорунун эсебине ылайык, согуш башталгандан бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн дээрлик 13 миң жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн. Дагы 80 миңдей борборазиялык Орусияда аскердик каттоого коюлган.

Тажикстандын мыйзамдарында чет мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышкан жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы каралган. Бирок ушул күнгө чейин Украинадагы согушка катышкан тажик жарандарына каршы кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыккан эмес.

Дагы караңыз

"Машыгуу учурунда 14 аскер каза болду". Казакстан аза күтүүдө"Эже деп жанымдан чыкчу эмес". Сокулуктагы үч окуучунун өлүмү "Жалгыз уулубуз жасалма жол менен согушка айдалды”. Орусиядагы мигрант үй-бүлө президенттен жардам сурайтКүрөңовдун жубайы жолдошу тергөө абагында кысымга кабылганын айтты