"Кыргыздарды изилдедим, Ала-Арчада жан дүйнөм ачылды"

Кеон Мадрид жана көчмөн бийи. Коллаж

Америкалык хореограф Кеон Мадриддин Бишкекте бий үйрөтүп жаткан видеосу интернетке желдей тарады. 700 киши дүркүрөтө аткарган бий Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына өзгөчө шаң берди. Кеон өзү койгон бий трендге айланып кетерин күтпөгөнүн "Азаттыкка" айтты.

- Кеон мырза, адегенде маекке макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдире кетейин. Бишкектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги бийди үйрөтүүгө кантип тартылып калдыңыз?

- Чынын айтсам, баары жөпжөнөкөй эле кат алышуудан башталган. Wake Up бий тобунун мүчөлөрүнүн бири мага Инстаграмдан кат жазды. Бардык маалыматты жөнөтүштү. Андан аркы иштерди менежерим колго алды. Ошентип аралашып калдым.

- Кыргыз маданияты жана көчмөндөр мурасы сизге кандай таасир калтырды?

- Алгач өзүм изилдеп көрдүм. Көчмөндөр оюндары жана алар аркылуу маданияттын сакталып жатканы мени абдан таасирлентти. Көк бөрү, жаа атуу жана башка мелдештер өзгөчө кызык болду.

- Ачылыш аземиндеги бийдин негизги чыгармачылык идеясы кандай эле? Бий аркылуу эмнени айтып бергиңиз келди?

- Биздин негизги максат - заманбап бий стилимди кыргыз маданиятына айкалыштыруу болчу. Ал үчүн көп изилдөө жүргүзүүгө туура келди. Кыргыздын салттуу бийлерин чагылдырган толтура видеолорду көрдүм. Продюсердик топтогу адамдар менен сүйлөшүп, кыргыз маданиятын урматтоо менен кантип туура көрсөтсө болорун кеңештим. Эркектер менен аялдардын кыймыл-аракеттериндеги өзгөчөлүктөрдөн тартып, жаа тарткан адам боюн кандай кармайт, аңчылыкка чыкканда кандай кыймылдайт деген суроолорго чейин изилдедим. Кыскасы, ошол дүйнөгө толук киришим керек болду. Кыргызстанга барган күнү эле Бишкектеги музейлерди, айрыкча Тарых музейин кыдырдым. Көргөн-билгенимдин баары Ала-Арча улуттук паркына барганда жан дүйнөмө толук сиңип, бир башкача абалга түштүм. Үй-бүлөмдү да өзүм менен кошо ала баргам. Өзүм жаратылышты абдан жакшы көрөм. Ошондуктан бул мага чоң жардам берди. Кыргызстанда жалпы он күндөй болдум.

-Кыргыз бийчилери, артисттери жана жергиликтүү чыгармачыл топ менен иштөө кандай болду?

- Абдан жакшы болду, кучак жайып тосуп алышты. Мени гана эмес, менин бий стилимди дагы кабыл алышты. Анткени стилим бир аз өзгөчө болгондуктан, айрым бийчилерге кыймылга көнүү кыйын болду. Бирок даярдануу учурунда күчтүү энергиянын толкунун сездим.

- Мындай чоң масштабдагы хореографияны даярдоодо чыгармачылык жана уюштуруу жагынан кыйынчылык тарттыңызбы?

- Албетте, тил жагынан кыйынчылыктар болду. Бир топ тоскоолдук жаратты десек болот. Мынчалык чоң жумушту аткарып жатып тилден кыйналган учур менде буга чейин болгон эмес. Англисче сүйлөгөндөр аз экен. Ошого карабай, сүйлөшүүгө аракет кылышты. Мен аларга абдан ыраазымын. Анан албетте тилмечтердин жардамы менен, андан да маанилүүсү, искусство менен бийдин тили аркылуу бири-бирибизди түшүнө алдык. Мен өзүм бийлеп, эмнени каалап жатканымды көрсөтүп бергенде, алар менин оюмду түшүнүштү деп ойлойм. Биз хореографияны даярдап жатканда стадион дагы курулуп жаткан. Ошондуктан бийди өз убагында коюу уюштуруу жагынан да, чыгармачылык жактан да чоң сыноо болду. Менимче, негизги кыйынчылыктар ушулар болду.

- Сиз койгон бий интернетте абдан популярдуу болуп, социалдык тармактарда трендге айланды. Мындай реакцияны күттүңүз беле? Бул сиз үчүн эмнени билдирет?

- Чынын айтсам, мындай болорун күткөн эмесмин. Элдин бийди сүйүп кабыл алганына абдан ыраазымын. Менин бийди көрсөтүп жаткан видеом Интернетке тарап кетпедиби, анда мен чынында, бийчилерге алардан эмнени каалап жатканымды түшүндүрүп жаткам. Аларга бийдин артындагы окуяны улам түшүндүрүп турдум. “Элестеткиле, кыш өтө узакка созулду. Бул жерде сөз жөн гана бий жөнүндө эмес, аман калуу жөнүндө болуп жатат деп. Эгер сенин бийиң жыл мезгилин өзгөртө алса, ошонун аркасында үй-бүлөң да, өзүң да аман калсаң, канчалык жан үрөп бийлейт элең? Күн кайра чыксын деп теңирге канча жалынмаксың? Муз эрип кетсин деп суранат белең? Айлана жашылдана баштаганда канчалык сүйүнөт элең?” Мен бийчилерге ушул сезимдерди жеткирүүгө аракет кылдым. Сөз менен түшүндүргөндөн көрө өзүм көрсөтүп беришим керек болду. Интернетке тарап кеткен видео дал ошол учурда тартылган. Элдин аны жылуу кабыл алганына абдан ыраазымын. Өзүм кыргыз болбосом кандай болот деп башында абдан тынчсыздангам. Өзүмдүн тегим филиппиндик жана гавайилик. Албетте, Азия маданияты аркылуу кандайдыр бир окшош жактарыбыз бар. Ошентсе да кыргыз маданиятын урматтоо менен туура бийди тартуулай аламбы деп аябай кабатыр болгом. Ошондуктан элдин бул бийди жүрөгү менен сезгенине абдан ыраазымын.

- Артка кылчайып карасаңыз, даярдык же ачылыш аземинен кайсы ирмемдер эсиңизде калды?

- Менимче, даярдыктын алгачкы учурлары, айрыкча биринчи күн. Бийчилерди биринчи жолу көргөн учур абдан толкундантты. Менимче, башында көпчүлүк бийчилер менин бул долбоорго катышарымды билишкен эмес. Менежерим кийин айрымдар "бул киши чын эле иш-чарага катышабы же бул кандайдыр бир спамбы?" деп сурашканын айтып берди. Бирок ошол биринчи күн өзгөчө эсимде калды. Андан кийин стадиондо чогуу иштеп, бири-бирибиз менен жакындан таанышкан күндөр да, айрыкча менин акыркы күнүм, абдан өзгөчө болду.

- Арадан он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи кандай мурас калтырды деп ойлойсуз? Бул тажрыйба сизге чыгармачыл адам катары эмне берди?

- Өз маданиятыңды, ата-бабаңдан калган мурасты кабыл алып, аны менен байланыш түзүү мен үчүн бул тажрыйбанын эң чоң сабагы болду. Жаратылыштан, өз тарыхыңдан канчалык көп эргүү алууга болорун жана ошол нерселерди чыгармачылык аркылуу кантип жеткирсе болорун дагы бир жолу түшүндүм. Бул долбоор мага ушуну кайрадан эске салды. Өткөн жылы чыгармачылык жактан оор сыноодон өттүм. Мурдагыдай бийден рахат албай калганымды байкадым. Анан Филиппинге барып, бийге байланышкан тарыхымды, жеке тарыхымды көбүрөөк изилдей баштаганда, ата-бабаларым менен байланышты кайрадан сезип, өзүм үчүн бир нерсени кайрадан ачкандай болдум. Ошол тажрыйбам бул иш-чаранын маанисине үндөштү. Менин бул долбоорго катышкым келгенинин себеби да ушунда. Жөн гана элдин көңүлүн ачкан көрсөтүү эмес, өзүнүн окуясы бар, театралдык чыгарма жараткым келди. Ал жөн гана көңүл ачуу үчүн эмес, адамдын өтмүшүн, бүгүнкүсүн жана келечегин даңазалоо үчүн жасалган чыгарма болушу керек эле.

- Бул долбоорго чейин Кыргызстан тууралуу билчү белеңиз? Буга чейин ушундай масштабдагы иш-чараларда иштеген белеңиз?

- Көп деле билчү эмесмин. Абдан кооз тоолору бар экенин гана билчүмүн. Дүйнөнүн ушул тарабына, Борбор Азияга, Казакстанга жана жалпы эле ушул аймакка келүүнү көптөн бери самап жүргөм. Кыргызстанга биринчи жолу бардым.

Чоң иш-чараларда иштеп, жүздөгөн бийчилер менен кызматташкан учурларым болгон. Бир залда миңден ашык адам катышкан бий сабактарын да өткөргөм. Ошондуктан көп адам менен иштөө жагынан тажрыйбам бар болчу. Бирок бул иш-чара таптакыр башкача маанай тартуулады. Үч жүз ат, ошол эле учурда курулуп жаткан стадион, 700 бийчи, ушунун баары бир жерде болду. Мен буга чейин мындай долбоорго катышкан эмесмин. Унутулгус, кызыктуу тажрыйба болду.

- Чоң рахмат, маек куруп бергениңизге.