Майыптыгы бар, шал жана ДЦП менен жабыркаган балдардын саламаттыкты чыңдоочу реабилитациялык борборлорго кабыл алынбай жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери кайрылышкан.
«Майыптыгы бар балдардын ата-энелери бир катар реабилитациялык борборлор оор абалдагы, ДЦП жана шал оорусунан жабыркаган балдарды кабыл алуудан көп учурда баш тартып жатканын айтып, нааразылыгын билдиришти. Алардын айтымында, "Алтын балалык" жана "Келечек" реабилитациялык борборлору мындай балдарды күзүндө жана кышында гана кабыл алып, жай мезгилинде кабыл албайт экен. Алар бул маселени чечип берүүнү жана мындай балдар үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү суранып жатышат», - деди депутат.
Алимжанова ошондой эле туруктуу кароого муктаж майыптыгы бар балдардын камкорчулары үчүн белгиленген 65 жашка чейинки курактык чектөөнү алып салууну сунуштады. Депутаттын айтымында, бул чектөөлөрдөн улам айрым ата-энелер оорулуу балдарына мыйзамдуу түрдө камкорчу боло албай калышууда.
Расмий маалыматтарга караганда, 2025-жылдын сентябрына карата Кыргызстанда 218 миңден ашуун майыптыгы бар адам катталган. Алардын 37 миңден ашууну балдар.
2010-жылы өлкөдө майыптыгы бар 22 миң бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен. Кийинки жылдар боюнча расмий маалымат жарыяланган эмес. Майыптыгы бар 37 миңден ашуун баланын 15 миңге жакыны туруктуу кароого жана багууга муктаж.(ZKo)