Депутат Кыргызстан жылына 10 млн долларга тоңдурулган картөшкөнү сырттан аларын айтты

Кыргызстанга картөшкө иштетүүчү эки ишкана керек. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева "Ишеним" депутаттык тобунун 2-октябрда өткөн жыйынында көтөрдү.

Анын маалыматында, өлкө жыл сайын болжол менен 10 миллион долларга тоңдурулган фри картөшкөсүн сырттан импорттойт. Бажыдан өткөндөн кийин өнүмдүн бир килограммы болжол менен 100 сомго көтөрүлүп, 150 сомго чукул баага сатылат.

"Эмне үчүн өзүбүз картөшкө өстүрүп туруп, даяр өнүмдү сырттан импорттоону улантып жатабыз? Эмне үчүн картөшкөнү кайра иштетүүчү кеминде эки ири ишкана кура албайбыз?", - деди депутат.

Жунушбаеванын пикиринде, картөшкө иштетүүчү ишканалар курулса дыйкандар үчүн ишенимдүү рынок түзүлүп, кошумча жумуш орундары ачылмак жана кошумча нарктын өлкө ичинде көбүрөөк калышына шарт түзүлмөк.

Ысык-Көл облусунун Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы талааларга барып, дыйкандар менен жолугушканын айткан депутат картөшкө сактоочу жабдуулардын жоктугу негизги көйгөй экенин атады.

Көпчүлүк чарбалар жер төлөлөрдү өз алдынча куруп, түшүмдү узакка сактай албаганы үчүн түшүмдү дароо арзан сатууга мажбур болушарын, өндүрүүчүдөн акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин баа жогорулап кетерине токтолду.

1-октябрда Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанга картөшкө импорттоону 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөөнү сунуштаган. Мекеме быйылкы жылы ички керектөө 799 миң тонна түзгөн шартта түшүм болжол менен 1,25 миллион тонна болот деп күтүп жатат. (ST)

Дагы караңыз

Ногон Шумаров: Алтайдагы уруулар кыргызда да бар, тилибиз да окшош"Карылыкка жаш кезден даярданыш керек". Улуу муунду ким карайт?Фтизиатрия борбору кеңейип, өпкө ооруларын дагы дарылай баштайт