Москвадагы митингде бийликке каршы ураандар жаңырып, жапырт кармоолор болду

Орусиянын полиция кызматкерлери митинг катышуучусун кармап жаткан учуру. Архив

Москвада 1993-жылы Ак үйдү (Белый дом) алуу аракети учурунда каза болгондорду эскерүүгө арналган, бийлик менен макулдашылган митинг жана жөө жүрүш маалында полиция ондогон адамды кармады. Иш-чараны КПРФ (Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы)уюштурган.

SOTAVision жарыялаган видеодо жөө жүрүшкө катышкан жаштардын тобу "Саясий репрессияларга жол жок!" жана "Уурулар менен алдамчылардын партиясы кетсин!" деп кыйкырып баратканы көрүнөт.

Басылманын маалыматына караганда, катышуучулар ошондой эле "Биз эркиндикти каалайбыз!", "Роскомнадзор кетсин!" жана "Саясий туткундарга эркиндик!" деген ураандарды да айтышкан. Андан кийин милиция кызматкерлери ураан чакыргандарды кармай баштаган. Москва шаардык думасынын КПРФдан шайланган мурдагы депутаты Евгений Ступиндин айтымында, жапырт кармоолорго "Падыша кетсин!" деген ураан себеп болгон.

SOTAVision билдиргендей, жалпысынан 20дай адам кармалган. Кармоолордун видеосун "Осторожно, Москва" басылмасы да жарыялаган. Ал басылманын маалыматына ылайык, кармалгандардын саны 60тай болгон. Алардын арасында КПРФнын жана "Яблоко" партиясынын активисттери бар экени айтылат. Бирок "Яблоко" партиясы КПРФнын Москвадагы акциясына партия мүчөлөрү катышып, полиция тарабынан кармалганы тууралуу маалымат жок экенин билдирген. Мындай маалыматтарды партияга эч кандай тиешеси жок адамдар таратып жатканын кабардаган.

Макулдашылган митинг Краснопресненская застава аянтында өткөн. Анда КПРФнын лидери Геннадий Зюганов сөз сүйлөгөн. Башында аянтта беш автозак жана патрулдук-посттук кызматтын автоунаасы турган.

SOTAVision маалымдагандай, алгачкы кармоолор түз эле аянтта башталган. Коопсуздук күчтөрү элдин арасынан Орусиянын жана ГДРдин желектерин көтөргөн бир нече жаш жигитти кармап кетишкен.

1993-жылдын 4-октябрында атайын багыттагы күчтөр жана орус армиясы Москвада Борис Ельцинге каршы чыккан депутаттар кирген Жогорку Советтин имаратын, башкача айтканда Ак үйдү алууга аракеттенген.

Расмий маалымат боюнча, 4-октябрда эле 74 адам каза тапкан. Алардын 26сы аскер кызматкерлери жана ИИМдин кызматкерлери болгон. Дагы 172 адам жаракат алган. Жалпысынан бул окуяларда 50дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган, алардын көпчүлүгү карапайым жарандар эле.

Ал кездеги орус бийлиги бул окуяны мамлекеттик төңкөрүш аракетин жана "коммунисттик реванштын" алдын алуу катары баалаган. Ал эми алардын каршылаштары бул окуяны ийгиликтүү ишке ашкан төңкөрүш деп мүнөздөшкөн. Андан кийин мурдагы Конституция күчүн жоготуп, анын ордуна президенттик бийликти күчөткөн жаңы Конституция кабыл алынган.

Москвада азыр макулдашылган митингдер өтө сейрек өткөрүлөт. Шаар бийлигинин пандемия мезгилинде кабыл алган чектөөлөрү дагы эле күчүндө. КПРФ болсо 3-4-октябрда бул окуяларды эскерүү иш-чараларын жыл сайын өткөрүп келет.

Дагы караңыз

"Он жашар кызыбыз Шинжаңга экстрадиция болушу мүмкүн". Кытай жарандыгынан чыгуунун түмөн түйшүгү