Украина: Орусия түндө 200дөн ашуун дрон менен чабуул койду

Украинанын Харьков шаарына Орусиянын соккусунун кесепеттери. 4-октябрдын түнү

5-октябрга караган түнү орус аскерлери Украинага 205 учкучсуз учак менен сокку урду.

Украинанын Куралдуу күчтөрү алардын 172си атып түшүрүлгөнүн билдирли.

Харьков шаарында жекшемби күнү кечиндеги чабуулдан кийин куткаруучулар орус дрондору тийген турак жайлар жайгашкан жерде иштеп жатышат. Шаардын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, соккудан бир адам каза болуп, кеминде сегиз киши жаракат алган.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, орус аскерлери шаардын Индустриалдык районуна сокку урган. Натыйжада эки кабаттуу административдик имарат жана автоунаалар өрттөнгөн. Ошондой эле турак жайлар жана административдик-өндүрүштүк имараттар жабыркаган.

Түн ичинде Одесса облусу да чабуулга кабылган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өнөр жай объектилери, порттук инфраструктура жана дача аймагына сокку урулду.

"Чоң өрт чыкты. Коюу түтүн каптагандыктан, Одессадагы Өзгөчө кырдаалдар кызматынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча адистери аймакты текшеришти. Өлчөөлөрдүн жыйынтыгында кооптуу заттар аныкталган жок", — деп билдирди облустук администрациянын башчысы Олег Кипер.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Дагы караңыз

Москвадагы митингде бийликке каршы ураандар жаңырып, жапырт кармоолор болду "Он жашар кызыбыз Шинжаңга экстрадиция болушу мүмкүн". Кытай жарандыгынан чыгуунун түмөн түйшүгү