“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташка шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык жаран кармалды. Кармалган кыргызстандыктардын бирине операция жасалганы белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаракат алган жана кармалгандар кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.