АКШнын президенти Дональд Трамп Өзбекстанга барууну каалайт, бирок сапардын датасы азырынча аныктала элек. Бул тууралуу Трамптын глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли билдирди. Ал Ташкентке сапары учурунда "Өзбекстан 24" телеканалына маек берген.
"Анын Өзбекстанга барууну кааларын билем. Президенттин иш тартиби өтө тыгыз. Бирок ал мага Өзбекстанга баруу ниети тууралуу айткан. Мен да бул маселени дайыма көтөрүп келем. Ошондуктан ал бир күнү Өзбекстанга сөзсүз барат. Бул сапар мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашат деп үмүттөнөбүз", — деп Замполлинин сөзүн өзбек маалымат каражаттары жазды.
Октябрдын ортосунда Өзбекстанга америкалык ири соода делегациясы барары күтүлүп жатат. Бул сапардын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Самаркандда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушуусу пландалган.
АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гордун билдирүүсүндө министрлердин жолугушуусу "С5+1" форматында аймактагы жалпы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө көмөктөшүү аркылуу Вашингтондун Борбор Азиядагы соода байланыштарын бекемдөөгө багытталганы айтылат.
Замполли Трамп менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосунда жакшы байланыш түзүлгөнүн белгилеп, алардын мамилесин "достукка жана ишенимге негизделген" деп мүнөздөдү.
Мирзиёев Трампты Өзбекстанга бир нече жолу чакырган. Акыркы бир жарым жылда Трамптын администрациясы кен байлыктарга бай Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасын жандандырды. Вашингтон бул аймактагы стратегиялык маанилүү минералдардын кендерине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Казакстан да Трамптын сапарын уюштурууга аракет кылып жатат.
Өзбек маалымат каражаттарынын кабарына караганда, Замполли соңку сапарында АКШ Өзбекстан өкмөтүнүн өлкөнү аймактык авиация борборуна айлантуу аракеттерин колдой турганын белгилеген.
Ташкент борбор калаада жаңы аэропорт куруп, АКШдан алыскы аралыкка учуучу Боинг жүргүнчү учактарын сатып алууда.