Казакстан Украинада согушка тартылган жарандары боюнча Орусия менен сүйлөшүүдө

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Астана

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги согушка тартылган казакстандыктарды кайтаруу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Мекеменин өкүлдөрү билдиргендей, атайын ишке киргизилген ишеним телефонуна кайрылуулар түшүп жатат. Учурда ар бир адам боюнча маалыматтар такталууда.

"Текшерүү аяктагандан кийин тизме Орусия тарапка жөнөтүлөт", - деди ТИМ өкүлдөрү.

Министрлик Орусия менен сүйлөшүүлөр ар кандай деңгээлде жүрүп жатканын белгилеп, Казакстанда согуш жүрүп жаткан аймактардан өз жарандарын кайтарып алуу боюнча тажрыйба бар экенин эске салды.

Буга чейин бир нече казакстандык Орусияга иштегени баргандан кийин согушка тартылып жатканын айтып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылышкан.

Алардын бири Алмас Кайсар жакында Украинанын Луганск облусунда Орусия армиясынын катарында согушка жиберилип жатканын айткан.

"Азыртан эле [согушка] жөнөтө башташты, бизден бир бала кетип калды. Бул тууралуу айтып баштаганыбызга он күндөй болуп калды, бирок эч ким жардам бере элек. Болгону "күткүлө, күткүлө" деп жатышат. Казакстан үчүн үч күн көп убакыт болушу мүмкүн, бирок биз үчүн үч күн өтө аз. Казакстан элинен жардам сурайбыз, бизди алып кеткиле. Менден тышкары дагы тогуздай адам калды. Алардын арасында Келдибек Айнабек, Мирас Тасжарганов, Телман Акылбек, Абай Самат, Николай Бармен (?), Бауыржан Каражанов, Мухаммеджан Акылбек жана башка балдар бар", - деди Алмас Кайсар.

Анын айтымында, ал быйыл августта Орусияга күзөтчү болуп иштөө үчүн барган. Бирок кол койгон документи жумушка орношуу келишими эмес, Орусия тарапта согушка барууга макулдук берген келишим болуп чыккан.

Октябрдын башында министрлик "согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарда жүргөн казакстандыктардын туугандарынын кайрылууларын кабыл алуу үчүн" атайын байланыш линиясы ачылганын билдирген. Байланыш телефондорун ушул жерден алууга болот.

Буга чейин Орусияга иштегени барган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары ушуга окшогон жагдайларга туш болушкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ресейге жұмысқа барған шымкенттік жігіт майданға әкетпек деп жәрдем сұрады