Вера Политковская: Апамдын айткандары чын экени далилденди

Анна Политковскаяны эскерүү акциясы. Москва, Орусия. 7-октябрь, 2026-жыл

Орусиялык журналист жана укук коргоочу, маркум Анна Политковскаянын кызы Вера Политковская Эркин Европа/Азаттык радиосуна (РСЕ/РС) маек куруп, апасы 20 жыл мурда айткан көйгөйлөр бүгүнкү күнү толук бышыкталып калганын билдирди.

Политковскаянын пикиринде, апасы тирүү кезинде көтөргөн көйгөйлөр Орусияда азыр да күчүндө. Ал энеси эркиндиктер чектелип, эркин сын-пикирлерге басым күчөй турганын көп жыл мурда эле эскерткенин белгиледи.

"Ага "сен ашырып айтып жатасың, баарын кара өңүттө көрөсүң" деп айтышчу. Азыр деле ошол эле нерсе болуп жатат. Баары алаканга салгандай ачык көрүнүп калды. Атүгүл апам мындан 20 жылдан ашык убакыт мурда айткан божомолдордон да ашып түштү", - деди Вера Политковская.

Анна Политковская "Новая газета" басылмасында иштеген, Чеченстандагы согуш, адам укуктарынын тебелениши тууралуу жана Кремлдин саясатын сындаган иликтөөлөрү менен белгилүү болгон. 2006-жылдын 7-октябрында 48 жашында Москвадагы үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн.

Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу бир нече адам соттолгон. Бирок анын жакындары, кесиптештери аны өлтүрүүгө буюртма бергендер аныкталбай калганын айтып келишет.

Анна Политковская 1958-жылы Нью-Йоркто теги украиналык советтик дипломаттын үй-бүлөсүндө туулган.

Дагы караңыз

Орусияга иштегени кетип, армияга тартылган казак жарандарынын ата-энелери ТИМге барышты "Педофилдерди актабайм". Талаштуу сунуш айткан депутат УКМКга кайрылды