Украина: Прилуки шаарына соккунун курмандыктары 18ге жетти

Прилуки шаарындагы соккунун кесепети. 7-октябрь, 2026-жыл

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Орусиянын Чернигов облусундагы Прилуки шаарына соккусунун кесепетинен каза болгондор 18ге жетти. Алардын төртөө балдар.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 55 адам жаракат алган, алардын арасында жети бала бар.

Беш кабаттуу турак үйдүн урандылары алдында издөө-куткаруу иштери уланууда.

7-октябрга караган түнү Орусия Украина аймагына баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт чабуул жасады. Соккулар Киев, Днепр, Запорожье, Кременчуг жана Прилуки шаарларына тийип, бир нече адамдын өмүрүн алды.

Дагы караңыз

"Бизди согуштан алып кеткиле". Украинадагы казакстандыктар жардам сурайт Вера Политковская: Апамдын айткандары чын экени далилденди