Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 8-октябрда билдирүү жасап, ага атайын кызмат мурда козгогон иш кылмыш курамы жок болгону үчүн токтотулганын айтты.
Министр социалдык тармактардагы баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө 2025-жылдын 29-августунан 29-декабрына чейин СИЗО-1де төрт ай камакта болгонун, ага Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин иши боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү» беренеси менен айып коюлганын билдирди.
Акунбековдун айтымында, быйыл 24-февралда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кылмыш курамы жок деген негизде ага карата козголгон ишти токтотуу тууралуу токтом чыгарган.
«Мен жоопкерчилик менен билдирем: мен эч качан мамлекеттик тендерлер менен алектенген эмесмин, мамлекеттен акча, мамлекеттик кредит же башка ушул сыяктуу каражаттарды алган эмесмин», - деп жазды Акунбеков.
Министр ошондой эле өзү негиздеген бизнес жер семирткич, үрөн, айыл чарба техникасын жана ветеринардык препараттарды импорттоо менен алектенерин белгилеп, мамлекетке 3 миллиард сом зыян келтирилгени тууралуу маалыматты «абсурд» деп атады.
Билдирүү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин комментарийинен кийин жарыяланды. Ташиевдин атынан тараган маалыматта ал атайын кызматты жетектеп турган кезде Акунбековго байланыштуу материалдар тергелип, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү алдын ала эсеп боюнча 3 миллиард сомдун тегерегинде болгондугу айтылган. Ошондой эле Акунбеков дыйкандар үчүн бажы төлөмүнөн бошотулган жер семирткичтерди коммерциялык баада сатып жүргөнү тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган деп белгиленген.
Бул маселе коомчулукта 7-октябрда УТРКдагы дебаттан кийин талкууга түшкөн. Анда Акунбеков мурда «кустуруу» өнөктүгүнүн алкагында төрт ай камалып, бирок ага каршы эч нерсе табылбаганын айткан.
Азырынча УКМК Ташиев сөз кылган кылмыш иши эмне болгону тууралуу расмий түшүндүрмө бере элек. Салык кызматы да мурда жүргүзүлгөн текшерүү тууралуу маалымат жарыялаган жок.
43 жаштагы Акунбеков кесиби боюнча экономист. Ал «Бай дыйкан» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын жер семирткич ташуучулар ассоциациясын жетекчиси болгон, Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ош филиалында иштеген, өз алдынча ишкерлик менен алектенген.