Социнтерн уюму Султанбековго, Атамбаевге чыккан сот өкүмүн сындады

Бишкек. Биринчи май райондук соту. Темирлан Султанбеков баштаган айыпталуучулар темир тор артында турушат. 8-октябрь, 2026-жыл.

Эл аралык Социалисттик интернационал (Социнтерн) бейөкмөт уюму Кыргызстандагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге чыккан сот өкүмүн айыптады.

Уюм соттун чечимин “Кыргызстанда 2027-жылдын январында өтө турган президенттик шайлоого саналуу айлар калганда өлкөдө калган саналуу оппозициялык күчтөрдүн үнүн басууга багытталган саясий куугунтук” катары баалады.

Социнтерн кыргыз бийлигин иш Бишкек шаардык сотунда каралса соттук отурумдарды ачык кылып, бул иш боюнча эркинен ажыратылгандын баарын эркиндикке чыгарууну үндөдү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга кесип, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Эрмек Эрматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми Кубанычбек Кадыров толук акталган.

Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Сот анын кыргыз жарандыгы бар экенин, буга чейин Аламүдүн райондук сотунда “Алдамчылык” беренеси боюнча соттолгонун белгилеп, жалпы сегиз жылга кескен. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортация кылуу чечими кабыл алынган.

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев өкүмдү саясий ишмердиги менен байланыштырышты.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (Казакстандын жарандары К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган.

Адвокат Асел Аргымбаева Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөнүн айткан.

28 жаштагы Темирлан Султанбеков Социнтерн уюмунун вице-президенти. (BTo)