"Яндекстин" иши Кыргызстанда да үзгүлтүккө учурады

"Яндекс" тиркемесинен алынган скрин-сүрөттөр.

Кыргызстанда да "Яндекс" компаниясынын такси жана жеткирүү кызматтары үзгүлтүккө учурап жаткандыгы байкалууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары тиркеме аркылуу такси чакыра албай жатканын жазып жатышат.

"Яндекстин" тиркемеси аркылуу тамак-аш буйрутма берүү кызматы да иштебей, "Техникалык мүчүлүштүк чыкты, бар күчүбүз менен оңдоп жатабыз", - деген билдирүү чыгып жатат. Тиркеменин колдоо кызматы да жеткиликтүү эмес.

"Яндекстин" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мындай жагдай боюнча түшүндүрмө бере элек.

11-октябрда украин куралдуу күчтөрү Орусиядагы "Яндекс" компаниясынын үчүнчү дата-борборуна сокку урганы белгилүү болду. Мындан улам компаниянын Орусиядагы бир канча кызмат көрсөтүү системаcы иштебей калган.

Мындай үзгүлтүк "Яндекс" иштеген Казакстан, Армения жана Сербияда да байкалып жатканы жазылган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында демаркация иштери бүткөнүн билдирдиУкраин күчтөрү "Яндекстин" үчүнчү дата-борборуна сокку урдуЭр-Риядда аэропортко урулган соккуда каза тапкандар 12ге жетти Пара алууга шек саналып кармалган эки чекист бир айга камалды