Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

"Ынтымак ордо"

Кыргыз өкмөтү гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун "Ынтымак ордо" кабарлады.

Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу, гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди жана ушул сыяктуу буюмдарды Кыргызстандын аймагына ташып келүүгө ушул токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынат.

Тыюу Кыргызстандын аймагы аркылуу бажылык транзиттин жол-жобосуна ылайык ташылуучу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинүүчү товарларга тиешелүү эмес. Буга Министрлер кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылчу товарлар да кирет.

Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына тиешелүү товарлардын мыйзамсыз ташылып келинишин алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Маалыматта мындай тыюу эмне максатта киргизилип жатканы айтылган эмес. (КЕ)

Дагы караңыз

Сооронкулова белгисиз адамдар эшигин сүрөткө тартып кеткен окуя боюнча милицияга арыз жаздыПрезидент Жапаров экинчи аял алгандарга кылмыш иши козголорун эскерттиТрамп Орусия менен Украинанын ортосунда "энергетикалык элдешүү" болгонун жарыяладыЭр-Риядда аэропортко урулган соккуда каза тапкандар 12ге жетти