Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын "энергетикалык элдешүү" тууралуу күтүүсүз билдирүүсүнөн кийин Орусияны электр станциясына сокку урууга айыптады. Ошол эле учурда Москва элдешүү тууралуу божомолдорго эч кандай комментарий берген жок.
"АКШнын президенти "энергетикалык элдешүү" тууралуу билдирди. Бул барыбыз үчүн жакшы жаңылык жана мунун чындыгында ишке ашуусу маанилүү", - деп жазды Зеленский 11-октябрь күнү кечинде.
Ал Орусия Киевдеги электр станциясына ирандык үлгүдөгү "Шахед" дрондорун учуруп, натыйжада көптөгөн райондордо электр жарыгы өчүп калганын кошумчалады. Кийинчерээк Харьков облусундагы энергетикалык объектилерге да соккулар жасалган. Мунун баары АКШ президентинин энергетика тармагында ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин болду.
Орусия Украинанын энергетиекалык инфратүзүмдөрүнө Трамптын билдирүүсүнөн кийин сокку урду деген маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн болгон жок. Бирок Москва Трамптын билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.
АКШнын президенти Дональд Трамп 11-октябрда Орусия менен Украинанын ортосунда "энергетикалык элдешүү" күчүнө киргенин Truth Social социалдык тармагына жарыялап, "муну бузбагыла!" - деп жазган.
Ал өзүнүн Телеграм каналына Трамптын билдирүүсүнөн кийин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте, Финляндиянын президенти Александр Стуб жана Канаданын премьер-министри Марк Карни менен сүйлөшкөнүн жазды. Зеленский аларга Украина ок атышууну токтотууну колдой турганын, Орусия дагы аны колдоосу маанилүү экенин билдирген.
Мурдарак Зеленский: "Биз америкалык тараптан кененирээк маалымат күтүп жатабыз. Биз, украиналык тарап чыңалууну басаңдатууга, адам өмүрүн сактоого, ошондой эле согушту токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чечимдерге багытталган кадамдарды ар дайым колдойбуз", - деп жазган.
Трамп энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу макулдашылганын 14-сентябрда дагы жарыялаган. Бирок орус армиясынын соккулары уланган.
Буга чейин Зеленский Орусия Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнө чабуулдарын токтоткон шартта гана Киев орусиялык мунай иштетүү заводдоруна сокку урууну токтоторун билдирген.