Балаководо Сбербанктын маалымат борбору, металлургия заводуна сокку урулду. Бир киши каза тапты

Саратов, Балаково. Орусия, 14-октябрь, 2026-жыл

Украина14-октябрга караган түнү Орусиянын Саратов облусундагы Балаково шаарына дрондор менен сокку урду.

Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин Балаководо бир адам каза болуп, бир нече турак жайга зыян келтирилгенин билдирди. Анын дагы бир маалыматына ылайык, шаардын бардык инфраструктуралык объектилери кадимки режимде иштеп жатат.

Astra басылмасынын маалыматына караганда, зыян келтирилген үйлөрдүн бири Балаково ЖЭБинен үч чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул станция шаарды жылуулук менен камсыз кылуучу негизги объект болуп саналат.

Украинанын Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдарынын билдиришинче, Сбербанктын маалымат борбору (ЦОД) жана "МЗ Балаково" металлургиялык заводу бутага алынган.

Эки объект тең Балаковонун өнөр жай аймагында жайгашкан. Сбербанк маалымат борборуна чабуул болгонун ырастады.

"Чабуул фактысын ырастайбыз. Банктын бардык системалары кадимки режимде иштеп жатат. Кызматкерлерден эч ким жабыркаган жок", - деп жазды РБК банктын билдирүүсүнө таянып.

Балаководогу Сбербанктын маалымат борборунун курулушу толук аяктай элек. Саратов облусунун Санариптик өнүктүрүү жана байланыш министрлиги объект Орусиядагы эң ири дата-борбор болорун билдирген. Долбоорду толук 2030-жылга чейин бүтүрүү пландалууда, бирок биринчи этабы буга чейин пайдаланууга берилген.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 14-октябрга караган түнү Москва облусун көздөй 493 дрон учурулганын билдирди. Анын айтымында, алардын көбүн абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн. 180 дрон жок кылынган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Владимир, Калуга, Курск, Липецк, Новгород, Орёл, Ростов, Рязань, Саратов, Смоленск, Тверь жана Тула облустарынын, Москва аймагынын, Краснодар жана Ставрополь крайларынын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Азов деңизинин аймагына жалпысынан 902 украин дрону учурулганын маалымдады.

Дагы караңыз

Активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алындыАймен Касенов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди