Орусияда мигранттардын жогорку класста окуган балдарынан акы алуу сунушталды

Иллюстрация максатында колдонулган сүрөт

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясынын депутаттары мектептерде 10-11-класстарда окуган чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды акы төлөп окутууну караган мыйзам долбоорун даярдашты.

Өкмөттүн корутундусуна жөнөтүлгөн документ ТАСС агенттигинин карамагына түшкөн.

Партиянын лидери Леонид Слуцкийдин айтымында, мигранттардын балдарын жогорку класстарда акы төлөтүп окутуу боюнча демилгени орусиялык окуучуларды колдоо аракети катары түшүндүрдү:

"Эгер мигранттын үй-бүлөсү баласын Орусиянын жогорку класстарында окутууну тандаса, анда окуу чыгымдарын өзү көтөрүшү керек деп эсептейбиз. Орусиялык үй-бүлөлөр мигранттардын балдарын окутууга бөлүнгөн чоң суммадагы каражаттар биринчи кезекте өз балдарынын билим алуусуна жумшалышын талап кылууга укуктуу", - деди Слуцкий.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандардын кесиптик орто билим алуусун чектебейт.

9-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр федералдык мыйзамда каралган эксперименттин алкагында кесиптик орто окуу жайларына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип менен тапшыра алышат.

Документке ылайык, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Орусиянын эл аралык келишимдеринде же федералдык мыйзамдарында каралган учурларда гана орто билимди акысыз ала алышат.

2025-жылдын апрель айынан тартып Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу талаптары катаалдашкан. Орус тили боюнча милдеттүү тест тапшыруу жана өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган документтерди көрсөтүү талап кылынууда.

Жаңы эрежелерге ылайык, мигранттардын балдары мектепке кирер алдында орус тилин билүү деңгээли боюнча сынак тапшырууга тийиш. Эгер бала тесттен өтпөй, тилди билүү деңгээли окуу программасын өздөштүрүүгө жетишсиз деп табылса, мектепке кабыл алынбайт. Мындан тышкары, баланын өлкөдө жүрүү мөөнөтү ата-энесинин уруксат берүүчү документтеринин, патентинин же эмгек келишиминин мөөнөтүнө байланыштуу болот. Мигранттын баласы 18 жашка толгондо Орусиядан чыгып кетиши же 30 күндүн ичинде патент алышы керек.

Чет өлкөлүк жарандардын балдарын Орусия мектептерине кабыл алуу эрежелеринин катаалдашы мигранттардын балдарынын тобунун өлкөдөн кетишин шарттады. Орусиянын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-2026-окуу жылында Тажикстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан келген окуучулардын саны 27% же 122 миңден 89 миңге азайган.

Дагы караңыз

МИК аркылуу өлкөдө жалпы 9371 батир пайдаланууга берилдиБалаководо Сбербанктын маалымат борбору, металлургия заводуна сокку урулду. Бир киши каза тапты