Казак өкмөтү визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстанга кирүүгө электрондук уруксат алуу тартибин бекитти. Бул өлкөлөрдүн катарында ЕАЭБ мамлекеттери, КМШ өлкөлөрү, АКШ, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия жана Улуу Британия да бар.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, электрондук уруксат 16 жашка чыга элек балдарга, 65 жаштагы жана андан улуу чет элдиктерге, делегациялардын мүчөлөрүнө жана мамлекет башчыларына, Казакстандын ардактуу консулдарына, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өткөн дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерине, өкмөт же мамлекеттик органдар чакырган дипломатиялык курьерлерге, транзиттик каттамдардын жүргүнчүлөрүнө, өлкөдө убактылуу жашоого уруксаты барларга, расмий макам алган качкындарга, башпаанек сурагандарга, учак, кемелердин экипаж мүчөлөрүнө, ошондой эле поезд бригадаларынын кызматкерлерине тиешелүү эмес.
Маркумдун сөөгүн алып бараткан жарандарга да мындай уруксаттын кереги жок.
Өтүнмө өлкөгө кирерден кеминде 72 саат мурда QazETA санариптик платформасы аркылуу берилиши керек. Электрондук уруксатты алуу акысыз жана ал 180 күнгө чейин жарактуу.
Бул жобо 1-ноябрдан тартып Актау эл аралык аэропортунда жана "Үрлитөбе", "Аукатты", "Атамекен" жана "Нурлы жол" өткөрүү бекеттеринде ишке киргизилет.
2027-жылдын 1-январынан тартып ага Астана жана Алматы эл аралык аэропорттору ушул тартипте иштөөгө өтөт. 2027-жылдын 1-мартынан тартып кек ара өткөрмө бекеттеринин баарында иштей баштайт. 2027-жылдын 1-июлунан тартып электрондук уруксат милдеттүү талап болмокчу.
Мындай уруксат албаган чет элдиктер Казакстанга киргизилбейт.
QazETA порталынын расмий маалыматына ылайык, ушул убакка чейин чет өлкөлүктөрдөн 100 миңдей арыз түшүп, каралган.