Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга майга чейин тыюу салынды

Бишкек-Ош жолунда иштеп жаткан жол коопсуздук кызматкерлери. Архив

Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга 2027-жылдын 15-майына чейин чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Мындай чечим кышында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Аталган мекеме жолго чыккан айдоочуларды эрежелерди так сактоого, аба ырайына көнүл буруп сапарларды алдын ала пландоого чакырды.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы суук болорун эскерткен. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, 17-18-октябрь күндөрү Чүй, Талас (Айтматов району) жана Ысык-Көлдө (Түптө) үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз жана түнү 0...-2 суук болот.

Жашылча-жемиштерди, казылган жана жабылбаган картөшкө, кант кызылчасын үшүктөн сактоо сунушу берилди. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия Кировоградга жапырт сокку урду. Үч киши каза таап, алтоо жараат алды Кыргызстандан өтүп Казакстанда баңгизат менен кармалган Navai'нин окуясы териштирилүүдөӨзгөчө балдардын укугунун сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдүЗеленский Британияга барды, Лондон жардамдын жаңы пакетин жарыялады