17-октябрда саат 11:37де Кыргызстандын түштүгүндө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Заалай кырка тоосунун аймагында жайгашкан. Ал Нура айылынан 22 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта.
Жер титирөөнүн очогундагы силкинүүнүн күчү 3 баллды түзүп, очогу 24 чакырым тереңдикте жайгашкан. Ош облусунун Нура айылында жер титирөө 2 балл күчүндө сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилген жок.
2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болгон. (ZKo)