Чүйдүн Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Кармалган шектүүлөр.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Чүйдүн Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы (К.Н. жана С.К.) жана кызматкери кармалганын билдирди.

Райондук милициянын маалыматына ылайык, алар Достуктун карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүргөн деп шек саналууда. Бул иш боюнча милицияга 200дөн ашык адам арыз менен кайрылган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору кызматтан алындыНурада жер титиредиБаткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына зым тартылып бүттү Украина: Дрон жана авиабомба соккусунан адамдар каза болду, бир нече аймак жарыксыз калдыСанкт-Петербургда полиция мигранттарга каршы рейд жүргүзүп, ондогон адам кармалдыМосквада дрон чабуулунан улам 350дөн ашык учак каттамы кармалып, токтотулду