Орусиянын соккусунан Украинада киши өмүрү кыйылды. 20 миңден ашуун киши жарыксыз калды

Ровно облусуна соккунун кесепети. 14-октябрь, 2026-жыл

Орусия 18-октябрга караган түнү Украинанын батышындагы аймактарга кайрадан сокку урду. Бутага Ровно облусу да алынды.

Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ковалдын айтымында, сокку жарандык инфраструктура объектилерине тийип, өрттөр чыккан. Акыркы күндөрү Ровно бир нече жолу соккуга кабылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Ровнодогу "Новая почта" компаниясынын терминалына сокку урулганын билдирди.

Тернопол облусунда энергетикалык объект жабыркап, электр энергиясында үзгүлтүктөр жаралды. Волын облусунун Маневичи кыштагында өнөр жай ишканасына сокку урулуп, өрт чыкты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Запорожьеде Орусиянын соккусунан 27 жаштагы аял каза болуп, бир нече адам жараат алды. Алардын арасында 6 жашар кыз бар. Запорожье облустук аскердик администрациясынын маалыматына ылайык, чабуулдан эки көп кабаттуу турак үй, 18 автоунаа жана бир билим берүү мекемесинин имаратына зыян келтирилген.

Полтавада Орусиянын соккусунан бир адам каза болду. Ал жерде жер үйлөргө да зыян келтирилди.

Одесса облусундагы сокку учурунда энергетикалык объект жабыркап, 20 миңден ашуун адам жарыксыз калды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-октябрда эртең менен билдиргендей, АКШ президенти жарыялаган "энергетикалык элдешүүдөн" бери Орусия Украинадагы энергетикалык объектилерге 70тен ашуун жолу сокку урду.

Дагы караңыз

Илгиз Тапаев базарда сатылган китептер “Учкундан” чыкпаганын айттыАбактагы саясатчы Аскарбеков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди