Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга киргизилген чектөө алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан жаңы түзүлгөн авиакомпанияларды каттоого жана аларга авиаоператордук күбөлүктөрдү берүүгө коюлган тыюу алынды. Бул президенттин 16-октябрдагы жарлыгы менен бекитилди.

Документте белгиленгендей, жарандык авиациядагы учуу коопсуздугун көзөмөлдөө жана текшерүү системасын өркүндөтүүгө багытталган чаралар аяктагандан кийин, авиакомпанияларды каттоого жана аларга авиаоператордук күбөлүктөрдү берүүгө коюлган тыюу (мораторий) алынып салынды.

Жарлык кол коюлгандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга убактылуу чектөө 2024-жылы ноябрда киргизилген.

Мындай чектөөнүн максаты өлкөнүн авиациялык системасын чыңдоо, ишинин ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин арттыруу экени белгиленген.

Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга президенттин тиешелүү чечими чыкканга чейин сертификат берүүгө, каттоого тыюу салынган. Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги чет өлкөлөргө каттаган, ошондой эле учактары Кыргызстандын аэропортторунда бир айдан ашык турбаган авиакомпаниялардын ишин текшерип чыгууга милдеттүү болгон.

Кыргызстанда жалпы 21 авиакомпания катталган. Алардын ичинен TezJet, Asman Airlines, Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Sky Fru, Air KG, Aerostan компанияларынын лицензиялары күчүндө болчу. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги учагы кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясы кабылган инцидентти иликтеп чыгып, компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Калгандарынын лицензиялары буга чейин жокко чыгарылган же убактылуу токтотулган. (КЕ)

Дагы караңыз

БУУ каржыдан улам Газа тилкеси үчүн азык-түлүк программасын кыскартууда Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштейт"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматын Кубат Касымбеков жетектейтТрамп Си Цзинпин жана Путин менен үч тараптуу жолугушуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт