Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова жашы жете элек баланы багууга, тарбиялоого катышпаган, аны бакпаган ата-энелердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү. Депутат бул сунушун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 20-октябрдагы жыйынында атты:
"Тиешелүү деңгээлде каралбай калганы үчүн баңгизатка берилген балдар көбөйүп жатат. Жашы жете электердин арасында кылмыштуулук өсүп жатат. Ошондуктан, баланы багуу жоопкерчилигинен качкан ата-энелердин жоопкерчилигин киргизүү керек. Ата-энелер өз балдарынын алдында жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Үй-бүлөлүк кодексте, Балдар кодексинде жазылуу. Кылмыш-жаза кодексинде да ата-энелердин жоопкерчилиги бар", - деген депутат Башкы прокуратурага бул беренелерди иштетүүгө чакырды.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кыргызстанда жашы жете элек баланы ата-энесинин биринин гана уруксаты менен чет өлкөгө убактылуу алып чыгуу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды.
Ага ылайык, жашы жете элек балдар чет өлкөгө дарыланууга, спорттук, маданий жана илимий иш-чараларга баруу үчүн ата-энесинин биринин уруксаты жана тиешелүү мамлекеттик органдын тастыктоочу документи, баланы өз убагынан кечиктирбей кайтарып келүү боюнча нотариалдык милдеттенме менен чыгарылат.
Экинчиден, эгер ата-энелердин бири алимент боюнча бир жылдан ашык мөөнөткө карызы болуп, милдетинен качкан учурда баланы үч айга чейинки мөөнөткө нотариалдык буйрук менен чыгарууга уруксат берилет. Бул мыйзамдар баланын ата-энеси экөө тең Кыргызстандын жарандары болгондо гана колдонулат. Ал эми убактылуу чыгарылган бала учурунда кайтарылбаса, кылмыш-жаза жоопкерчилиги сунушталган.
Мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлган. (ZKo)