Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Мамлекеттик протокол кызматынын жетекчиси Гагик Ваноянды кызматынан бошотту. Бул тууралуу чечим 19-октябрда белгилүү болду. Эки күн мурда Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда аны жаңылыштык менен Казакстандын президенти деп атаган.
Окуя 17-октябрда Ереванда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында болгон. Пашинян даярдалган текстти окуп жатып: "Эң оболу, Казакстандын президенти Садыр Жапаровду Арменияда кайрадан тосуп алгым келет", — деп айткан.
Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы - "Азатутюн" радиосу кабарлады.
Ваноянды кызматтан бошотуунун себеби расмий чечимде көрсөтүлгөн эмес. Армениянын өкмөтү премьер-министрдин чечимин комментарийлебей турганын "Азатутюн" радиосуна билдирген.
Анын кызматтан кетирилиши жаңылыш сөзгө байланыштуу экени расмий ырасталган жок.
Ваноян 2022-жылдын декабрынан бери Мамлекеттик протокол кызматын жетектеп келген. Быйыл августта Пашинян аны бул кызматка кайра дайындаган. Протокол кызматы чет өлкөлүк делегациялардын сапарларын даярдоо жана расмий эл аралык иш-чараларды уюштуруу менен алектенет.
Садыр Жапаровдун Арменияга сапары Кыргызстандын мамлекет башчысынын бул өлкөгө алгачкы расмий сапары болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар билим берүү, пенсиялык камсыздоо жана Ысык-Көл менен Севан бийик тоолуу көлдөрүн коргоо сыяктуу тармактарда кызматташуу боюнча документтерге кол коюшкан.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга быйыл Ысык-Көлдө 6-7-августта өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышканда келген.
Соцмедиадагы активдүүлүгү, кеңири аудиториясы менен белгилүү армян өкмөт башчысы Чолпон-Ата шаарында расмий жолугушуулары менен катар бош убактысында велосипед тепкени, Ысык-Көлгө суктанып жатканы, кыргыз рэпери Улукманапонун ырын тыңдап отурганы тууралуу чакан видеолорун чыгарган.