Украинадагы жапырт чабуул: Каза болгондор арасында эки айлык ымыркай бар

Киев. 2026-жылдын 21-октябры.

21-октябрга караган түнү Орусия Украинага абадан жапырт сокку урду. Чабуулдардын кесепетинен Харьков, Киев жана Кременчук шаарларында адамдар жабыркап, инфраструктуралык объекттерге зыян келди.

Харьков облусунун Коротыч кыштагында эки улгайган адам каза болуп, дагы 11 киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында эки айлык ымыркай жана сегиз жаштагы бала бар. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов 13 жеке үй жана бир автоунаа зыян тартып, чарбалык курулуш толугу менен талкаланганын билдирди.

Киевде да дрон чабуулунан кеминде эки адам каза болду. Десна районунда токтоп турган автоунаалар күйүп кетсе, Святошин районунда көп кабаттуу үйгө сокку урулду. Шаардын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Соломенский районунда пилотсуз учак транспорттук инфраструктура объектисине тийип, өрт чыккан.

Полтава облусундагы Кременчук шаарында да чабуул катталды. Облустук бийликтин маалыматына караганда, орус күчтөрү Михаил Остроградский атындагы Кременчук улуттук университетинин окуу корпустарынын бирине сокку урган. Натыйжада бир адам жараат алды.

Украина бийлиги соңку апталарда Орусиянын дрон жана ракета чабуулдары күчөгөнүн билдирүүдө. Ал эми Москва 2022-жылы Украинага кол салган күндөн тартып бул өлкөнүн жарандык инфраструктурасын талкалап, жерлерин ээлеп, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.