Орусияда Украинанын Куралдуу күчтөрүнө жалданган деген айып менен соттолгон америкалык Стивен Хаббард абактан бошотулду.
Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф менен сүйлөшүүдө билдирди.
Путиндин айтымында, Хаббард Петербургдун Пулково аэропортуна жеткирилген.
74 жаштагы Стивен Хаббард 2022-жылдын апрелинде туткунга түшкөн.
Орусиянын тергөөсү ал ошол жылы февралда Харьков облусунун Изюм шаарында Украинанын аймктык коргонуу бөлүмү менен келишим түзүп, айына миң доллар маяна убада кылынып, даярдыктан өткөнүн жана курал алганын маалымдаган.
2024-жылдын 7-октябрында Москва шаардык соту Хаббардды жалдануу иши боюнча Кылмыш кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүгү менен айыптуу деп тапкан. Алты жыл 10 айга эркинен ажыраткан.
Абакта ал катаал мамилеге кабылганы белгилүү болгон. 2024-жылы алмашуунун негизинде орус түрмөсүнөн чыккан жана аны менен бир камерада отурган украиналык жоокер Игор Чичко, америкалык жаран дайыма сабалганын айткан.
Күзөтчүлөр Хаббардга иттерди кое берип, ачка кармашканын, коридордо "сойлоого" мажбурлаганын айтып берген.
Стивен Хаббард өзү Украинага 2014-жылы жубайы Инна менен англис тилинен сабак берүү максатында барганын, 2022-жылы февралда Орусия кол салганга чейин бейкапар жашаганын билдирген.
Анын эжеси журналисттерге Хаббард Украинага барганга чейин 30 жыл Жапонияда жашаганын, андан кийин төрт жыл Кипрде жүргөнүн маалымдаган.
Америкалык жаранды бошотууну Трамп өзү өтүнгөн.