Орус ТИМи Казакстандын электрондук уруксат тартиби боюнча түшүндүрмө күтүп жатканын билдирди

Мария Захарова

Москва Казакстандын чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук уруксат алуу тартибин киргизгенине байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү жагдайлар боюнча кошумча түшүндүрмө күтөт. Бул тууралуу "Интерфакс" Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.

"Биз, албетте, республиканын улуттук миграция мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эгемендүү укугун сыйлайбыз. Жаңы жоболор Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү экенин эске алып, биз казак тараптан аларды колдонуу боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү күтөбүз, анын ичинде биримдиктин ичиндеги жана биздин өлкөлөр мүчө болгон Евразия аймагындагы башка миграциялык бирикмелердеги келишимдерди эске алуу менен", - деди ал.

Захарованын айтымында, түшүндүрмө жарандарды өз убагында маалымдоо, өз ара тоскоолдуксуз жүрүү, эмгек ишмердүүлүгү, ошондой эле ишкердик жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү үчүн пайдалуу болмок.

Өткөн аптада Казакстандын өкмөтү визасыз режим колдонулган өлкөлөрдүн жарандары үчүн, анын ичинде ЕАЭБге, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн жарандарына электрондук уруксат (ETA - Electronic Travel Authorization) алуу тартибин бекиткен.

Система 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып сыноо режиминде иштей баштайт. Ал эми 2027-жылдын 1-июлунан тартып бардык визасыз өлкөлөрдүн жарандары, анын ичинде Орусия менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн да милдеттүү болот. Электрондук уруксат албагандар Казакстанга киргизилбейт.

Уруксатты өлкөгө кирүүдөн кеминде 72 саат мурун тариздөө талап кылынат. Документти QazETA расмий платформасы аркылуу алууга болот.

Аны алуудан 16 жашка чейинки балдар жана 65 жаштан жогоркулар, визасы, убактылуу жашоого уруксаты (РВП) же туруктуу жашоого уруксаты (ВНЖ) бар адамдар, аэропорттун транзиттик аймагынан чыкпаган жүргүнчүлөр, дипломаттар жана расмий делегациялар, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар менен экипаж мүчөлөрү бошотулат.

Айрым эксперттер Астананын мындай чечимин эгер Орусия Украинадагы согушта армиянын катарын толуктоо үчүн мобилизация жарыяласа, орусиялыктардын Казакстанга жапырт агымын чектөө аракети катары сыпатташкан.