Трамп Starlink'тин Украина боюнча чектөөлөрү жоюлганын айтты

АКШ. Чатырга орнотулган Starlink спутник антеннасы. Иллюстрация.

АКШ президенти Дональд Трамп SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск Украина үчүн спутник байланышы кызматындагы чектөөлөрдү алып салганын билдирди. Бирок Киев азырынча бул толук ишке ашканын ырастай элек.

22-октябрда журналисттерге комментарий берип жатып Трамп «ал кайрадан калыбына келтирди» деп айткан. Ага чейин бир нече саат мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде өлкөдө кызматты колдонууга байланыштуу көйгөйлөр дагы эле бар экенин билдирген.

Маселеден кабары бар украиналык аткаминердин айтымында, айрым аскердик бөлүктөрдө байланыш ылдамдыгы жогорулаганы байкалган, бирок баарында эмес.

Анын айтымында, учурдагы байланыш ылдамдыгы Орусия акыркы айларда улам көбүрөөк колдоно баштаган реактивдүү учкучсуз аппараттарды аныктоо жана тосуп калуу үчүн жетишсиз болууда. Бул дрон чабуулдарынан Украинанын логистикасына, энергетика тутумуна жана жарандык инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип жатканы белгиленүүдө.

Украинанын АКШдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Денис Сеник буга чейин «Эркин Европа/Азаттыкка» Пентагондон да, SpaceX компаниясынан да бул маселе боюнча жооп ала электигин билдирген.

«Ылдамдыкка коюлган чектөөлөр алына элек», - деген ал.

Зеленский жакынкы күндөрү бул маселени АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен талкуулоону көздөп жатканын айткан. Өз кезегинде Рубио буга чейин Трамп же АКШ өкмөтүндөгү башка өкүлдөр байланыш системаларына өзгөртүү киргизүүнү талап кылганы тууралуу айтылып жаткан дооматтарды четке каккан.

Starlink жана анын аскердик багыттагы Starshield системасына байланышкан талаш-тартыш чектөөнү ким киргизгени, Трамптын администрациясы бул тууралуу алдын ала билген-билбегени жана анын Украинанын орусиялык чабуулдардан коргонуу мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир тийгизгени тууралуу суроо жараткан.

Жакында Киевге барган АКШ Конгрессинин делегациясы бул чектөөлөр Украинанын абадан коргонуу жөндөмүн алсыратканын жана америкалык кызматкерлерди да тобокелге салганын билдирген. Алардын маалыматына караганда, SpaceX компаниясы иштеткен Starshield системасындагы үзгүлтүк 13-14-октябрдан тартып байкалып, Украина үчүн кошумча коркунуч жараткан.