26-октябрда Баткен шаарында 1999–2000-жылдардагы Баткен коогалаңына 27 жыл болгонуна байланыштуу эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага облустук, шаардык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, маркумдардын үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты. Эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, каза болгондордун эрдиктери баа жеткис экени белгиленди.
"Өзбекстан ислам кыймылынын" (ӨИК) согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдардагы кагылышуусу тарыхта "Баткен согушу", "Баткен окуясы", "Баткен коогалаңы" деген аталыштар менен калган. Баткен окуясында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого 6 миңдей жоокер тартылып, 400дөй жаран катышкан. Жыл сайын 26-октябрь күнү Баткен окуясында курман болгон жоокерлери эскерилет.
Баткен облустук бийлиги 1999-2000-жылдардагы куралуу кагылышта жалпысынан 76 адам курман болгонун, анын 46сы аскер кызматкери экенин, 100дөн ашыгы жараат алганын билдирген.
Баткен окуясынан кийин аймактын стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган.
"Азаттык" Баткен коогалаңынын 20 жылдыгына карата документалдуу тасма тарткан.(ZKo/JsA)