Аба ырайы: тоолуу аймактарга кар жаайт

Бишкектин четиндеги Ала-Арча жаратылыш паркы. 2024-жыл

30-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2° жылуу, күндүз 13…15° жылуу болот.

Дагы караңыз

Бишкектин абасында зыяндуу PM2.5 бөлүкчөлөрү нормадан ашты Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам каза болдуТажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады Журналист Махабат Тажибек кызы сотто көрсөтмө берип бүттүБритания Украинага кошумча 10 миллиард фунт стерлинг берет