Олешкиде гуманитардык миссия үчүн жолдор минадан тазаланды

Олешки шаарчасы. Архив сүрөт.

Украинанын Херсон облусундагы Олешки шаарында гуманитардык миссияны өткөрүү үчүн эвакуациялык каттамдарды минадан тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу 29-октябрда Орусиянын жана Украинанын акыйкатчылары Яна Лантратова менен Дмитрий Лубинец билдиришти.

Шаар тургундарына Олешкиден чыгып кетүүгө 14:00гө чейин мүмкүнчүлүк берилет. Андан кийин гуманитардык колонна борбордук райондук ооруканага чейин барат. Саат 14:30дан тартып гуманитардык жардам таратуу пландалууда.

Олешки шаары Днепр дарыясынын сол жээгинде, Орусия көзөмөлдөгөн аймакта жайгашкан. Согушка чейин анда 24 миңдей адам жашаса, азыр шаарда болжол менен 1,7-2 миң гана тургун калган. Арасында балдар да бар.

2023-жылы Каховка ГЭСи талкалангандан кийин шаар дээрлик толугу менен суу астында калган. Кийинчерээк азык-түлүк тартыштыгы жана ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк көйгөйлөрү күчөп, гуманитардык кырдаал оорлогон.

Олешкиден эвакуация 30-октябрдан 1-ноябрга чейин уланары күтүлүүдө. АКШ бийлигинин маалыматына караганда, жергиликтүү тургундар Орусияга же Украинага кетүүнү өздөрү тандай алышат. Айрым маалыматтар боюнча, эвакуацияланган жарандар адегенде Орусиянын Анапа шаарына жеткирилип, Украинага кайтууну каалагандар кийин Беларус аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.

Дагы караңыз

Касымалиевге "Эмгек баатыры", Туманбаевге I даражадагы "Манас" ордени ыйгарылдыЫрчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы берилди"Cогуштарды токтотуу керек. БУУда Кыргызстандын үнү маанилүү"Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медал алды