Аскер прокуратурасы "Байтик" метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз курулган имарат сүрдүрүлгөнүн маалымдады.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 31-октябрда тараткан маалыматка ылайык, имаратты бузууга Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өкүлдөрү катышты.
Маалыматта ошондой эле метеостанциянын аймагына мыйзамсыз имарат курганы үчүн мурдагы ӨКМ министри Бообек Ажикеев кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мамлекетке келтирилген 7 миллион 650 миң сом өлчөмүндөгү зыян толук өндүрүлгөнү да жазылган.
Аскер прокуратурасы буга чейин "Байтик" метеостанциясынын аймагындагы кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары бир катар мыйзам бузууга барганы аныкталганын билдирген. Бул факты боюнча Ажикеев кармалып, камакка алынган.
Бул окуя тууралуу "Азаттык" иликтөө жүргүзгөн. Анда Ажикеевдин аты аралашкан курулуш Кыргызгидромет мекемесине тиешелүү болгон "Байтик" метеостанциясынын аймагына салынганы айтылган. Ал Бишкектен анча алыс эмес жерде, Ала-Арча мамлекеттик паркынын этегинде, Ала-Арча суусунун жээгинде жайгашкан.
Бул станцияда аба ырайын жана жаан-чачынды алдын ала болжолдоого мүмкүндүк берген заманбап жабдуулар орнотулган. Анда күндүн табы, суунун температурасы, агымынын ылдамдыгы, суунун деңгээлинин өзгөрүшү жана өлкөдөгү климаттык өзгөрүүлөр боюнча маалыматтар чогултулат.
«Байтик» метеостанциясы 1911-жылы курулуп, ошондон бери ишмердүүлүгүн улантып келет.(ZKo)