Херсон облусундагы Олешки аймагынан эвакуация болгон жай тургундар Украинага кайтып келишти. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Зеленский кабарлады.
Ал бардык эвакуация болгондорго керектүү жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалап, аларды адаптациялоого өкмөттүк түзүмдөрдүн жана жергиликтүү бийликтин кызматташтыгы керектигин билдирди.
Олешкинин 750 жашоочусу шаардан 30-октябрда чыгарылган. Алардын жарымы Орусиянын аймагына барууну билдиришкендиктен, аннексияланган Крымдын Симферопол шаарындагы убактылуу пунктка жиберилген. Украинага баргысы келгендерди Краснодар крайынын Анапа шаарына чейин жеткиришкен.
31-октябрда алар учак менен Беларустун Гомелине учуп, аларды аэропорттон ары "Новая Гута" чек ара пунктуна чейин жеткиришкен. Ал жерден көзөмөлдөн өткөндөн кийин Чернигов облусуна автобус менен барышкан.
Олешкиликтердин канчасы Орусияга, канчасы Украинага баргысы келгени белгисиз.
Украинадагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Дмитрий Лубинец эвакуация болгондорго карата эч кандай фильтрациялык текшерүү жүргүзүлбөгөнүн билдирди.
Анын айтымында, Олешки шаарынын тургундары Украинага чыгып кетүүнү чечсе, орус тараптын фильтрациялык текшерүүсүнө дуушар болобуз деп кооптонушкан.
"Эвакуация болгондордун улуусу - 94 жашта, кичүүсү бир жаштан бир аз ашкан бала. Ал эми дагы бир аял эртең 49 жашын белгилейт. Эң башкысы күндү коопсуз жерде тосуп алат", - деди Лубинец.
Анын айтымында, адамдар менен кошо үй жаныбарларын да куткарып чыгууга мүмкүн болгон. Алардын арасында иттер, мышыктар, тоту куш, ал тургай енот да бар.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник Украинанын Куралдуу күчтөрүн Олешкиде ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптады. Мирошниктин билдиришинче, 31-октябрда шаардан чыгып бараткан учурда жарандык автоунаага дрон сокку урган. Анын маалыматында, автоунаадагы эркек менен аял жараат алып, Олешкидеги ооруканага жеткирилген. Мирошник дрон украин армиясына таандык экенине ишенерин айткан.
Ок атышууну токтотуу режими Москва убактысы боюнча 1-ноябрда саат 22:59га чейин күчүндө болушу керек.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн "Түштүк" аскерлер тобунун башкармалыгынын өкүлү Максим Кравчук "Украинская правда" басылмасына берген комментарийинде украин аскерлери гуманитардык миссия жүргүзүлүп жаткан аймакта ок атышууну токтотуу режимин так сактап жатканын билдирген. Ошол эле учурда "душмандын чагымчыл аракеттери катталганын" айткан. Кравчук элдешүү учурунда украин аскерлери Олешки шаарынын үстүнөн Орусиянын чалгындоочу дрондорун бир нече жолу көргөнүн жана орус аскерлери дрондордон жүктөрдү таштап жатканын байкаганын кошумчалаган.
- Украинанын жана Орусиянын делегациялары Олешкиге 30-октябрда келишкен. Шаар тургундарына азык-түлүк, дары-дармек, ичүүчү суу, гигиеналык каражаттар жана электр генераторлору үчүн күйүүчү май жеткирилген.
- Гуманитардык операция 27-октябрдан 1-ноябрдын кечине чейин ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында жүргүзүлгөн. Операцияны Орусия менен Украинанын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын ортомчулугу астында жүргүзгөн.
- Олешки 2022-жылдан бери Орусиянын көзөмөлүндө турат. Акыркы айларда шаар тургундары өтө оор гуманитардык кризистик шартты баштан кечирип, тамак-аштан өксү болушкан.