Эмчек рагына чалдыккан аялдарга колдоо көрсөткөн "Жашоо үчүн бирге" уюмунун мүчөлөрү Бишкекте көчөт отургузду.
Экологиялык иш-чара 31-октябрда Тоголок Молдо скверинде өттү.
Ага бейтаптар, дартты жеңип чыккан аялдар, онколог дарыгерлер жана шаар мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Акцияны уюштурган "Жашоо үчүн бирге" уюмуна 130дан ашуун көчөттү "Бишкек жашыл курулуш" мекемеси акысыз берген.
Уюштуруучулардын айтымында, акциянын максаты - бейтаптарга психологиялык колдоо көрсөтүү.
"Отургузулган ар бир дарак жашоонун, келечекке болгон ишенимдин жана жакшылыктын символу", - деп билдиришти "Жашоо үчүн бирге" уюмунун координаторлору.
Көчөт отургузуу акциясы, Бишкек. 31-октябрь, 2026-жыл.
"Жашоо үчүн бирге" уюмуна ушу тапта миңден ашуун аял мүчө. Уюм эмчек рагына чалдыккан жана андан айыккан аялдарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт.
Кыргызстанда октябрь жыл сайын эмчек рагы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу айы катары белгиленет.
Адистер эмчек рагынын алдын алуу үчүн 34-64 жаштагы аялдар жылына бир маммографиядан өтүп, текшерилип турууну сунушташат.
Бирок аймактарда бул жабдыктын жана дартты эрте аныктаган скринингдин жоктугу эмчек рагынын алдын алууга тоскоол болуп жатканы айтылып келет.
Кыргызстанда рак илдети менен 35 миңден ашуун адам каттоодо турат. Аялдар арасында эмчек рагы көп катталып, жыл сайын 800дөн ашууну ооруканага кайрылат. Алардын көбү дарты өтүшүп кеткенде келет. (ST)