“Эт жебей калдык”. Элди кыйнаган кымбатчылык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жыл башынан бери айрым азыктар кескин кымбаттады. Расмий маалыматтар керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан орточо 8 пайызга чейин жогорулаганын көрсөтөт. Анын ичинен өкмөт бааны туруктуу кармаганга аракет кылганына карабай эт азыктары 17-18 пайызга чейин, сүт азыктары 7-8 пайызга чейин кымбаттаган.