Орусиянын аскерлери 4-ноябрга караган түнү Украинанын бир нече облусуна сокку урду.
Днепр шаарында эки адам каза болгонун Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди. Анын айтымында, дагы 21 адам жаракат алды, алардын үчөө оор абалда.
Дагы беш киши Любимовка жамаатында жабыркаган. Никополь районунда 10 адам жаракат алып, бири оор абалда ооруканага жаткырылды. Кривой Рог районунда эки киши жабыркады.
Донецк облусундагы Ясногорка кыштагында куткаруучулар Орусиянын соккусунан кыйраган жер үйдүн урандыларынын алдынан каза болгон аялдын сөөгүн алып чыгышты. Дагы беш адам жаракат алды. Орусиянын аскерлери кыштакка төрт авиациялык бомба таштап, 16 жеке турак үйдү кыйратканын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Киев облусундагы Хотов айылында орусиялык дрондун чабуулунан 2012-жылы туулган бала каза болду. Анын апасы жаракат алган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, түн ичинде Орусиянын аскерлери Украинага 310 сокку уруучу учкучсуз аппарат учурган. Аба чабуулунан коргонуу күчтөрү алардын 272син атып түшүргөн.
Орусия Украинага күн сайын чабуул коюп келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бутага аскердик объектилер гана алынарын айтып, жарандык жайларга сокку урулуп жатканын, согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери миңдеген кишинин канына забын болгонун моюнга албайт. Кремль жай тургундардын өлүмү жана жарандык инфраструктуранын кыйрашы боюнча да комментарий бербейт.