Украинанын Запорожье облусундагы Камышеваха кыштагына 2-ноябрдагы орус авиациясынын соккуларынан каза болгондордун саны 40ка жетти. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Анын айтымында, дагы 30га жакын адам дайынсыз болууда. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.
Зеленскийдин маалыматына караганда, гуманитардык жардам таратуучу пункт жайгашкан мектептин имаратына тогуз авиабомба ташталган. Бир нече жолу сокку урулуп, кийинки чабуулдарда окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери менен куткаруучулар да курман болгон.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Иван Семикиндин айтымында, ФАБ-3000 үч тонналык авиабомба, анын курамында дээрлик бир жарым тонна жардыруучу зат бар. Мындай курал адатта бекем бетон чептерди жана бункерлерди талкалоо үчүн колдонулат.
"ФАБ-3000 бомбасы таамай тийгенден кийин жер алдындагы борбордун бетон конструкциясы кулап түшкөн. Ошол маалда ичинде кадимки адамдар болгон. Алар жардам алуу үчүн келишкен. Бул аскердик объект да, аскердик позиция да эмес болчу", - деген Семикин.
Орусиянын аскерлери Камышевахадагы соккулар боюнча азырынча комментарий бере элек.
Ошол эле учурда согушту колдогон Telegram каналдарда ФАБ-3000 бомбасы менен Камышевахадагы украин аскерлеринин "таяныч пунктуна" сокку урулган учур тартылганы айтылган видео тарады. Бирок бул объект украин аскерлери тарабынан колдонулганын тастыктаган далилдер жок.
Би-би-си билдиргендей, Камышеваха украин күчтөрүнүн тылына жакын жайгашкан. Орусия калктуу конушка буга чейин да бир нече жолу чабуул койгон.