Астанада Акаба процессинин «Жасалма интеллект тармагындагы коопсуздук» темасына арналган саммити өттү.
Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Иорданиянын падышасы Абдалла II бин аль-Хусейн, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты.
Чогулгандар коопсуздукка туудурган коркунучтарды чогуу баалап, аларга каршы кандай чара көрүү керектигин макулдашат.
Акаба процессин Иорданиянын падышасы Абдалла II 2015-жылы негиздеген. Араб тилинде «Акаба жолугушууларынын демилгеси» деп расмий аталат. Анын максаты террорчулукка каршы күрөштө дүйнөдөгү ар кайсы тараптын коопсуздук жана аскердик багыттагы аракеттерин координациялоо, кызматташтыкты жолго коюу жана тажрыйба алмашуу.
Демилге Кызыл деңиздин жээгиндеги Акаба шаарынын атынан аталган. Алгачкы жолугушуу ошол жерде өткөн. Падышанын бул шаарда сарайы бар.
Акаба процессинин туруктуу түзүмү, уставы жана катчылыгы жок. Бул формат саммит менен эксперттик кеңешменин ортосундагы жыйынга окшош. Катышуучулар оюн эркин айта алышы үчүн талкуулар бейрасмий шартта өтөт.
Мисалы, 2025-жылы Римдеги жолугушууга Терроризмге каршы глобалдык форумдун, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, НАТОнун, Евробиримдиктин жана Интерполдун өкүлдөрү катышкан.
Ар бир жолугушуу белгилүү бир аймакка арналат. Буга чейин Балкан, Чыгыш Африка, Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америкасы жана Батыш Африка боюнча жыйындар өткөн. Жолугушуулар Иорданиядан тышкары да уюштурулуп турат.
Маселен, буга чейинкилер Испанияда, Болгарияда, Италияда өткөн.
Борбор Азия өлкөлөрү бул процесске 2025-жылдан тарта катыша баштаган. Египеттин «Ад-Дустур» басылмасынын жазганына караганда, Римдеги жыйын учурунда Абдалла II Казакстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө жолуккан.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, министр Ермек Кошербаев Иорданиянын падышасына Касым-Жомарт Токаевдин катын тапшырып, Казакстан Акаба процессин толук колдой турганын билдирген.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2025-жылдын августунда кезектеги жыйындардын бирин Самаркандда өткөрүүнү сунуштаган.
Астанада өтүп жаткан саммит Акаба процессинин Борбор Азиядагы алгачкы жолугушуусу.